Марал Радиосу

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө жаратылыш газы өчүрүлөт (дарек)

Бүгүн, 28-июндан 9-июлга чейин Бишкектин бир бөлүгүңдө жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.

Көгүлтүр от текшерүү жана газ түтүгүндөгү эски жабдыкты алмаштыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Жаратылыш газы Садырбаев, Толстой, Ала-Арча дарыясы, Миңжылкыев, Тыналиев жана Масалиев көчөлөрү менен чектелген аймакта жок болот.

«Газпром Кыргызстан» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.