Марал Радиосу

Пашиняндын партиясы Армения парламентинде 71 мандатка ээ болду

Армениянын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Никол Пашиняндын «Жарандык келишим» партиясы өлкө парламентинде 71 мандат алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Тигран Мукучян билдирди.

20-июнда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо экинчи орунду алган мурдагы президент Роберт Кочаряндын «Армения» блогу 29 мандатка ээ болгон. Ошондой эле шайлоодо үчүнчү болгон «Честь имею» блогуна 7 мандат берилген.

Бүгүн, 27-июнда Армениянын БШКсы 20-июнда өткөн кезексиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык «Жарандык келишим» партиясы шайлоого катышкан жарандардын 53,91% добушуна, «Армения» блогу 21,09% жана «Честь имею» блогу 5,22% добушка ээ болгон.

20-июнда өткөң кезексиз шайлоого 21 партия жана 4 блок катышып, анда 1 млн 281 миң 174 киши же шайлоочулардын 49,4%ы добуш берген.