Марал Радиосу

«Манас» аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев үй камагына чыгарылды

«Манас» эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди.

Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 27-июнда Ленин райондук сотунда каралып, сот аны үй камагына чыгарган.

Эскерте кетсек, Чукуев Түркиянын «Gata hava yollari ve taşımacılık» компаниясына эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз берип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген деп шектелүүдө.

Чукуев «Манас» аэропортунун башкармалыгын 2015-2018-жылдар аралыгында жетектеген.