Марал Радиосу

Жапаров Ашхабад шаарына расмий сапар менен барды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда расмий иш сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, Садыр Жапаровду траптан Түркмөнстандын энергетика министри Чарымурад Пурчеков тосуп алды.

Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилген.

Эскерте кетсек расмий сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар иш-чараларга катышат.