Марал Радиосу

Түркияда «Стамбул» каналынын курулушу башталды

Түркияда Мрамор жана Кара деңиздерин байланыштырган «Стамбул» каналынын курулушу башталды. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги жазды.

Кечээ, 26-июнда «Стамбул» каналы долбоорун ишке ашыруу «Сазлыдере» суу сактагычы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу менен башталган. Иш-чарага Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу катышкан.

Адил Караисмаилоглунун айтымында, аталган канал Босфор кысыгына караганда 13 эсе коопсуз болот.

Эрдоган аталган долбоордун башталышын Түркиянын өнүгүү жолундагы жаңы барагы экенин айткан. Ал билдиргенлей, Босфор кысыгы аркылуу 1930-жылдары жылына 3 миң кеме өтүп жүрсө, азыр алардын саны 45 миңге жеткен. 2050-жылга карата кысык аркылуу 78 миң кеме өтүп калат. Ал эми Босфордон жылына 25 миң кеменин өтүшү коопсуз деп эсептелет.

«Стамбул» каналынын узундугу 45 чакырым, тереңдиги 21 метрди түзөт. Аны 6 жылда бүткөрүү пландалууда. Долбоорду ишке ашырууга 15 млрд доллар сарпталат.

Эрдоган белгилегендей, каналды бойлой 500 миң кишиге ылайыкталган шаар курулат.