Марал Радиосу

Бейшеналиев БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн директоруна ишеним грамоталарын тапшырды

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев кечээ, 25-июнда БУУнун Женева шаарындагы бөлүмүнүн директору Татьяна Валовая менен жолугуп, ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу Бейшеналиев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Жолугушуу Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы бөлүмүнүн штаб-кенсесинде өткөн.

Эске салсак, Алмазбек Бейшеналиев 2-июнда Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.