Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 27-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33;
Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Нарын дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27.
Бишкекте 27-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 31….33 градус болот.