Марал Радиосу

Азамат Исмаилов: Кыргызстандык балык өндүрүүчүлөрдү окутуу максатыбыз бар

Кыргызстандык балык өндүрүүчүлөргө украиналык кесиптештеринин тажрыйбасын жайылтуу керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы Соода палатасынын өкүлү, ишкер Азамат Исмаилов «Маралдын» түз эфиринде айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы 2 жылдан бери балык өндүрүү аябай популярдуу болуп атат. Бирок жергиликтүүлөр бул ишти профессионалдуу түрдө алып кете албай, көптөгөн оорулар чыгып жатат.

«Союз убагында Украинада Балык чарбасы институту болгон экен . Ошол азыр дагы сакталып калыптыр, күчтүү илимпоздор бар экен. Биздин максатыбыз — ошол илимпоздорду алып келип, кыргызстандык балык өндүрүүчүлөргө 4 күндүк болсо да, окутуу жүргүзүү», — дейт ал.