Марал Радиосу

Ангела Меркель 2-июлда Улуу Британияга визит менен барат

Германиянын канцлери Ангела Меркель 2-июлда Улуу Британияга визит менен барат. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме берип, «ТАСС» агенттиги жазды.

Меркель Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон менен жолугушат. Анда эки мамлекеттин алакасы талкууланат.

«Жолугушууда бир катар маселелер, анын ичинде Улуу Британия менен Германиянын мамилелерин бекемдөө, коронавирус пандемиясына карата чара көрүү маселелери талкууланат», — деп айтылат маалыматта.