Марал Радиосу

Ишеналы Арабаев тууралуу даректүү тасма тартылууда

«Кыргызфильм» киностудиясында Ишенаалы Арабаев тууралуу даректүү-публицистикалык тасма тартылууда. Бул тууралуу аталган киностудиядан билдиришти.

Бекболот Айдаралиев режиссёрлук кылган тасма Ишеналы Арабаевдин өмүр жолуна жана ишмердигине арналат. Анда архивдик материалдар колдонулуп, тарыхый окуялар реконструкцияланып берилет.

Ишеналы Арабаев – кыргыздын тунгуч агартуучуларынын бири, алгачкы «Алиппе» китебинин автору, коомдук ишмер. Ал 1882-жылы Кочкор районунун Күн-Батыш (азыркы Кызыл-Дөбө) айылында туулган. 1933-жылы жалган жалаа менен камакка алынып, Ташкенттеги түрмөдө каза тапкан.

Exit mobile version