Марал Радиосу

Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болду (өмүр баяны)

Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Кайрат Осмоналиев — Борбордук шайлооо комиссиясынын мүчөсү.

Кайрат Осмоналиев Орусиянын Омск шаарында 1973-жылы туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

РФнын ИИМдин Омск шаарындагы милициялык жогорку окуу жайды (учурда Орусия ИИМнин Омск академиясы) 1994-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

1994-1997-жылдары Москва шаарында РФ ИИМдин алдындагы Башкаруу академиясынын илимий-педагогика факультетинде окуган.

Окумуштуулук даражасы:  — юридика илимдеринин доктору (2005-ж., Москва); ошол эле шаарда кандидаттык диссертациясын РФ ИИМдин башкаруу Академиясында жактаган (1997-ж.), профессор (2012-ж.);

Орусиядагы Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (2015-ж.);

КР билим берүүнүн отличниги (2001-ж.).

Тажрыйбасы:

2010-жылдан бери (ушул кезде да) — Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияда проректор;

2008-2010-жылдары — Европа Биримдигинин «КР сот системасын реформалоо» долбоорунда негизги эксперти;

2006 -2008-жылдары – ИИМдин Административдик укук академиясында кафедра башчы, басма сөз катчы, Ички иштер министринин жардамчысы;

2005-жылы –  БУУнун баңгизат кылмыштарын көзөмөлдөө боюнча жетекчисинин кеңешчиси (Вена ш., Австрия);

2004-жылы – «Уппсала» университетинде изилдөөчү (Швеция);

2003-2004-жылдары — КР наркозаттарды тескөө боюнча агенттигинин штаб мүдүрүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу; 2000-2003-жылдары наркозаттарды тескөө боюнча КР Өкмөтүнүн алдындагы эл аралык кызматташуу, анализдөө жана божомолдоо боюнча түзүлгөн Мамлекеттик комиссиянын мүдүрү жана башкы адиси;

1994-2000-жылдары – КР ИИМдин жогорку милициялык мектебинин катардагы окутуучусу, ага окутуучусу.

Көмөктөш кызматтар:  Шенжен университетинин адъюнкт профессору (2016-ж); Укук жана саясий илимдер Шанхай университетинин штаттан тышкары профессору (2014-ж.); 2010-жылы БУУнун Башкаруучулугунун «Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерди изилдөө-тескөө боюнча» уюштурган тренингдеринин консультанты, Алматы, Астана, Казахстан; 2008-2015 -ж.ж. – Кыргыз улуттук университетинин юридикалык институтунун кылмыш жана укук кафедрасынын профессору; 2002-2014 –ж.ж. – Кыргыз улуттук институтунун эл аралык факультетиндеги “Эл аралык билим берүү интеграциялык программалардын” профессору; 1998-ж. Чүй университетинин юридикалык дисциплиналары боюнча кафедра жетекчиси. Тилдерди өздөштүрүүсү: Англис тилинде жакшы сүйлөйт.

Басмадан чыккан эмгектери: Кыргызстандын криминология жана кылмыш укугу боюнча уюшулган кылмыштуулук менен коррупциячыл, ошондой эле наркозаттар жагдайына тийиштүү маселелерди камтыган 100 ден ашуун эмгектин автору жана көмөкчү автору, ошонун катарында: КР Конституциясына комментарий – Бишкек, 2016 ж., (көмөктөш автор); КРнын Кылмыш Кодексине комментарий – Бишкек, 2014 ж., (көмөктөш автор); КРнын Кылмыштык аткаруу кодексине комментарий – Бишкек, 2010 ж. – (көмөктөш автор); КР кылмыш процессуалдык кодексине комментарий – Бишкек, 2008, (көмөктөш автор); Бүгүнкү Кыргызстандын кылмыш саясаты: теория жана практика маселелери, монография — Москва, 2005; Developing Counter-Narcotics Policies in Central Asia: Legal and Political Dimensions. Sweden. University. 2005 (Борбор Азиядагы наркотикке каршы саясат: укуктук жана саясаттык ченемдер).

Коомдук иштери:

2016 — ж. — Кыргыз юристтеринин Ассоциациясынын правлениесинин төрагасы;

2013- ж. — Коррупцияга каршы туруу боюнча укук коргоо жана башка органдарынын координациялык кенешмесинин эксперттик кенешинин төрагасы;

2013 — ж. – Кыргыз Республикасанын Коргоо Кенешинин алдыдагы коррупция каршы стратегиясынын козомолдо Жумушчу Топтун мучосу;

2008 – 2011 – ж.ж. КР Жогорку Сотунун илимий-консультативдик кеңешинин мүчөсү;

2011-2013 – ж.ж УКМК КР алдындагы коомдук көзөмөл кеңешинин башчысы;

1999-2007-ж.ж. КТРдин Соттук-укутук реформа маселелери боюнча уюштурган дискуссиялардын алып баруучусу;

2012 – 2016- ж.ж. Кунтуу айылдык кенешинин депутаты.

Сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2015 ж.); Табият илимдер Россия Академиясынын “Илим жана билимге эмгеги сиңген ишмери” (2015 ж.); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2014 ж.); Россиянын Афганистан ветерандар союзунун «Сиңирген эмгеги үчүн» Ордени (2013 ж.); КР ИИМдин «Барс» медалы (2009 ж.).

Үй-бүлөлүк абалы:  Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.