Марал Радиосу

Кесипти ата-эне тандайбы же бала өзүбү? (бүтүрүүчүлөр үчүн кеңеш)

Билим берүү тармагына, балдарды өнүктүрүүгө арналган дүйнөлүк бестселлер китептерди кыргыз тилине которуп жүргөн Бакытбек Абдуллаев быйылкы абитуриенттер жана ата-энелери үчүн профессор Селчук Шириндин «Жетилгиле, балдар!» китебинен үзүндү жарыялады. Төмөндө түркиялык профессордун бүтүрүүчүлөрдүн кесип тандоосуна байланыштуу жазганын сунуштайбыз:

 Кесипти ата-эне тандайбы же бала өзүбү?

Жаштардын кесип тандоодогу эң чоң көйгөйү, өздөрүнө караганда ата-энелерин ойлоп көбүрөөк түйшөлүшөт…

Аягында айта турган сөзүмдү башында эле айтайын: университет тандоо темасындагы билгендериңиздин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткенин унутпаңыз! Ооба, билем, сиздер деле мен сыяктуу аябай чыңалуу жараткан университет тандоо процессин баштан өткөргөнсүздөр. Эми өз тажрыйбаларыңызга таянып, дал ошол стрессти балдарыңызга өткөрүп берип жатасыздар. Бирок бул картинада бир көйгөй бар. Жок, жок, көйгөй университет тандоодо түйшөлүү же болбосо буга олуттуу мамиле жасоодо эмес, ал биз жашаган доор менен азыркы доордун ортосунда тоодой ажырым бар экендигинде: университеттер өзгөрдү; сынактар өзгөрдү; кесиптер өзгөрдү…

Албетте, дагы бир жагдай биздин муун үчүн университет тандоо кесип тандоого тете болчу. Эми мындай дүйнөнү таппасаң сыйпалап кал. Врач, архитектор, мугалим катары университетти бүтүрүп, өмүр бою өз кесиби боюнча иштегендердин доору бүттү. Себеби жарандардын талаптары да, кесиптер да өтө бат өзгөрүп жатат. Орто эсеп менен алганда өмүр узарып баратат. Пенсияга чыгуу жашы да барган сайын жогорулоодо. Эсептеп көрүңүз: биздин балдар жок дегенде үч, балким андан да көп карьера алмаштырат! Көпчүлүгү өз кесиби боюнча таптакыр иштебейт. Университетти бүтүргөндө башта эске келбеген кесиптердин бирөөндө иштешет. Жумуш берүү боюнча жарыяларга карап көрүңүз. Талап кылынган вакансиялардын көпчүлүгү университеттердеги факультеттерге тиешеси жок «кесиптер» боюнча экени маалым.

XXI кылымдын көндүмдөрү

«Келечектин кесиптери кайсылар?» дегендер үчүн колумда конкреттүү бир тизме бар. Дүйнөлүк Экономикалык Форум келечекке багыт берген секторлордо иштеген 816 адам менен изилдөө жүргүзгөн. Сураган суроосу жөпжөнөкөй: алдыбыздагы жылдарда атаандаштык кайсыл тармактарда күчөйт? Эксперттердин алдын ала айтуусу боюнча алдыдагы 10 жылда экономикалык конкуренция төмөнкү тармактарда басымдуулук кылмакчы: жасалма интеллект, блокчейн, 3D принтерлер, мобилдик технологиялар, айдоочусуз унаалар, мобилдик интернет, робототехника, санариптик-байытылган чындык, үн аркылуу башкарылган каражаттар жана 5G. Албетте бул тармактардын баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Жаңы жарыш ушул тармактарда болот, бирок бул тармактардын көпчүлүгү университеттердин вакансияларында жок! Андыктан кесипти эмес дисциплинаны (багыт) тандагандардын артыкчылыктуу болушуна ишенем. Бул эмне дегени деп кызыгып жатсаңыз, бир мисал келтирейин: так себебиңиз жок болсо, менежменттин ордуна экономиканы тандаңыз. Алгачкысы, кесип, экинчиси, дисциплина! Дал ушул сыяктуу фундаменталдык илимдер, психологиялык статистика сымал бөлүмдөрдүн да практикалык чөйрөсү аябай чоң.

Дагы бир маанилүү жагдай университет, факультет тандоо артка кайткыс жол сыяктуу бир маселе эмес! Өз жашооңузга назар салыңыз. Чечимдериңиздин кайсынысы туура, кайсынысы ката экенин бир канча жылдан кийин гана түшүнгөндүрсүз. Башта сизге жагымсыздай туюлган нерсе жылдар өтүп, сиз туш болгон эң сонун окуя экенине күбө болосуз. Университет тандоо да ушул сыяктуу. Айрыкча бул тандоо балаңыздын келечеги үчүн туу чоку же чекит да эмес. Алдыда али көп чечим кабыл алат. Унутпаңыз, жыл сайын университетке тапшырган студенттердин көпчүлүгү ал бөлүмдү бүтүрүшпөйт. Окууну бүтүргөндөрдүн көпчүлүгү өз кесиби боюнча иштебейт. Иштегендердин көпчүлүгү кийинчерээк башка бир тармакта иштөө үчүн магистратура окушат. Андыктан менин сизге экинчи сунушум: кабатыр болбоңуз, жаныңызды жай алдырыңыз. Сиз ток пейил болсоңуз, балаңыз да сарсанаа болбойт. Ал ток пейил болуп туура чечим чыгара алгыдай. Эгерде бул темаларда ортоктош пикирде болсок, анда конкреттүү маселелерге өтөлү.

Университетти тандоодо сиз балаңыздан өзүнө эң оптималдуусун тандоону сураныңыз. Кыялдарына, пландарына, аракетине жараша эң идеалдуу вариантты ал тандасын, башкалардын жетегинде калбасын. Бир гана базалык упайларга жана тизмедеги катарына жараша чечим чыгаргандар кийинчерээк көпчүлүк учурда алган чечимине бушайман болушат. Факультеттер да, университеттер да өз доорунда популярдуу болушат. Бүгүн популярдуу болгондор эртең түп тамыры менен жок болуп кетиши мүмкүн. Ушундан улам бир гана тизмедеги катарга жараша чечим чыгарбаңыз, сураныч. Балаңыз өзүн кандай элестетет жана эмнени каалайт – ушул эң негизгиси.

Бул тестти үйдө кылып көрүңүз!

Билемин, кыял, ынтаа, ыклас, ынтызарлык деген сөздөрүм өтө эле абстракттуу угулат. Ушундан улам үйдө сиз да ишке ашырсаңыз боло турган жөнөкөй бир тест өткөрөлү. Балаңыз кайсы ишти бүт дитин коюп, убакытты да, каякта экенин да унутуп жасайт? Балаңыздын ушундай арбоочу, бүт дүйнөсүн ээлеген иши барбы? Муну балаңыздан сурасаңыз да болот: баарын унутуп тажабай алек болгон нерсеси эмне? Кимдир бирөө үчүн математикалык эсеп чыгаруу, башка бирөө үчүн тамак жасоо, коддоо (программа жазуу), сүрөт тартуу, музыка, футбол, бий… Балаңыздын бүт дити менен жасаган хоббисин бирге таап чыгыңыз. Бул суроого жооп тапкандан кийин ал тармакка байланыштуу кесип, дисциплиналарды изилдеңиз. Эгерде бул суроого так жооп таппаган болсоңуз, балаңыздын өзүн таанып-билүүсү жана чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрдү байкоосу үчүн шарт түзүп бериңиз. Муну канчалык эрте ишке ашырсаңыз, ошончолук жакшы.

Албетте балаңыздын жогорудагы суроого берген жообу дайыма эле сизге жага бербеши мүмкүн. Мисалы, балаңыз медициналык даректүү тасмаларды жактырышы, анатомия китептерин башын көтөрбөй окуй бериши мүмкүн. Тааныштарыңыздын арасында медицина кызматкери болсо, аларга тынымсыз суроо бериши мүмкүн. Сиз албетте балаңыздын врач болушун каалашыңыз ыктымал, бирок балаңыз сиз күтпөгөңдөй медайымдыкка кызыгып калышы мүмкүн. Балаңыз ашканадагы азык-түлүктөр менен күнүгө эксперимент жүргүзө берсе, химик болот деп сүйүнгөн чыгарсыз, бирок балаңыздын тилеги ашпоздук болушу мүмкүн. Балаңыз сүрөт тартканды жакшы көрөт дейли, сиз анын архитектор болушун каалаарсыз, ал сизден кабарсыз сүрөтчү болууну самап жүргөндүр. Же болбосо балаңыз чечен, оратор, аргумент келтирүүдө уста дейли. Сиз анын адвокат болушун кааласаңыз, ал социалдык медиа адиси же журналист болууну каалайт чыгар. Бардык бул тандоолордо сизди түйшөлткөн бир гана маселе бар: балаңыздын кем-карчсыз жакшы жашашы! Ушундан улам мен санап өткөн варианттарды карап отуруп, «Агай, баланы өз эркине койсок, мындай тандоолору менен ал кийин ачка калат да» деп жаткандайсыз. Сиздин кабатырланууңузга негиз бар экенин аныктоо үчүн айланаңызга көз чаптырып көрүңүз: кесиптердин ортосундагы киреше асман менен жердейби же бир кесиптин ичиндеги кирешеби? Катардагы эле бир врач көбүрөөк акча табабы же жакшы бир медайымбы? Бул доор «эмне иш кылганыңыз» эмес, кайсы иш болсо да «кандай аткарганыңыз» бааланган доор. Бүт сфераларды роботтор каптап кеткен экономикалык доордо балдарыбыздын башкалар менен атаандаша алышы үчүн алар эмне иш кылса да, майын чыгара мыкты аткарышы зарыл. Ушул себептен улам кайсыл тармакты тандашса да, өз кесибинде туу чокуга карай жол алышы эң негизги маселе… Мунун формуласын мурдагы бөлүмдө баяндадым. Өз ишин эс-учун жоготкудай катуу сүйбөй туруп, туу чокуга чыгышы мүмкүн эмес! Формула ушундай жөнөкөй эле. Эгерде балаңыздын жан-дилин берип сүйгөн тармагы болсо, ал тармакта туу чокуга чыгуунун алгачкы кадамын шилтеди деп эсептей бериңиз. Унутпаңыз, катардагы бир инженер-диетолог болгондун ордуна, кесибин сүйгөн башкы ашпоз болгону балаңызды дагы да бактылуу кылат жана ага көбүрөөк акчалай киреше алып келет.

«Эми агай, сиздин «идеалист» сунуштарыңызды аткарбасак эмне болот?» деп жатсаңыздар айтайын: балаңыз өзүнө өтө деле жакпаган бир тармакка кирет. Бир канча жыл ал жерде чайналат. Балким сиздин басымыңыз менен окууну бүтүрөт, бирок ишенип коюңуз, мүмкүнчүлүк боло калса эле ал тармактан жаа бою качат. Мүмкүнчүлүк жаралар замат дилине түйүп койгон тармакка өтүп кетишкен. Ортодо өткөн канчалаган депрессиялуу жылдарды, текке кеткен ошончо убакытты жана акчаны айтпай эле коёюн. Андыктан ата-эне катары тандоо эркиндиги өз колуңуздарда! Же балдарды өз эркибизге баш ийдирип, өз тандообузду аларга таңуулайбыз же болбосо алардын өз тандоосун ишке ашырууда жөлөк болобуз.

Толугураак Селчук Шириндин «Жетилгиле, балдар!» китебинен окуй аласыз. Бул китептин кыргыз тилине которулган вариантын сатып алууну каалагандар үчүн телефон номери: 0550666332