Марал Радиосу

Эрулан Көкүлов парламенттик шайлоого катышат

«Не сахар» долбоорунун автору, журналист Эрулан Көкүлов күздө өтө турган парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал Самат Дөлөтбаков менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо менен парламенттик шайлоонун айырмасы чоң эмес. Ошондуктан ал парламенттик шайлоого катышат.

Ал буга чейин 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого «Реформа» партиясы менен алдыңкы 10 талапкердин катарында барган.