Марал Радиосу

«Унаа» ишканасынын Нарын аймактык бөлүмү 24-25-июнда иштебейт

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын Нарын аймактык бөлүмү 24-25-июнда иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Аталган бөлүм 24-25-июнда Нарын шаарында Нарын райондук электр тармактары оңдоо иштерин жүргүзүп, эртең мененки саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин электр энергиясы жок болоруна байланыштуу иштебейт.

Ошол эле учурда даяр айдоочулук күбөлүктөр бериле берет.

«Унаа» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жарандардан кечирим сурайт.