Марал Радиосу

Кыргызстандык жөө күлүктөр Өзбекстан менен Беларустагы мелдештерге катышат

Кыргызстандык эки жөө күлүк Өзбекстан менен Беларуста өтө турган эл аралык мелдештерге катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин билдиришти.

Минскте 24-26-июнь күндөрү Беларустун чемпионатына болуп өтсө, 27-30-июнда Ташкентте эл аралык мелдеш өтөт.

Аталган мелдештерге Кыргызстандан Мусулман Жоломанов менен Нурсултан Кеңешбеков катышат.