Марал Радиосу

Audi электр унааларын чыгарууга өтөт

Германиянын Audi компаниясы күйүүчү май менен жүрүүчү унаалардан баш тартып, электр унааларын чыгарууга өтүүнү пландоодо. Бул тууралуу 22-июнда Берлиндеги климаттык конференцияда компаниянын башчысы Маркус Дюзманн билдирген.

Audi 2026-жылдан тартып жаңы үлгүдөгү унааларынын баарын электр кыймылдаткычтары менен гана чыгара баштайт. 2033-жылга карата күйүүчү май менен жүрүүчү унаалардын өндүрүшү токтотулат.

Ошол эле учурда Кытайда күйүүчү май менен жүрүүчү унааларына суроо-талап көп болгондуктан, андай унаалар жергиликтүү өнөктөш заводдорунда 2033-жылдан кийин да чыгарыла бериши мүмкүн.

Белгилей кетсек, буга чейин башка унаа өндүрүүчү компаниялар да электр унааларына өтүүнү пландап жатканын билдиришкен. Швециянын Volvo компаниясы 2030-жылга карата, америкалык General Motors 2035-жылдан жана Volkswagen 2040-жылдан тарта күйүүчү май менен жүрүүчү унаалардан баш тартат.