Марал Радиосу

Эркин күрөш балбандары Yaşar Doğu эл аралык мелдешине катышат

Кыргызстандын эркин күрөш балбандары Түркияда өтө турган Yaşar Doğu эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 24-27-июнь күндөрү Стамбул шаарында өтүп, ага Кыргызстандын атынан 13 спортчу барат:

1. Бекболот Мырзаназар уулу — 57 кг;

2. Алмаз Сманбеков — 57 кг;

3. Улукбек Жолдошбеков — 61 кг;

4. Тайырбек Жумашбек уулу — 61 кг;

5. Икромжан Хажимурадов — 61 кг;

6. Эрназар Акматалиев — 65 кг;

7. Алибек Осмонов — 65 кг;

8. Айбек Токтогул уулу — 65 кг;

9. Ислам Орозбеков — 70 кг;

10. Саякбай Усупов — 79 кг;

11. Атай Изабеков — 79 кг;

12. Нуртилек Карыпбаев — 86 кг;

13. Дөөлөтбек Жамгырбек уулу — 92 кг.