Марал Радиосу

Өзбекстанда коррупционерлердин электрондук тизмеси түзүлөт

Өзбекстанда коррупционерлердин электрондук тизмеси түзүлөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министринин кеңешчиси Шахноза Соатова билдирди.

Учурда ал боюнча тиешелүү документтин долбоору даярдалган.

Электрондук тизмеге коррупция беренеси боюнча соттолгон адамдар кирип, аларга карата бир катар чектөөлөр каралат.

Маселен, тизмеге кирген адамдар мамлекеттик кызматка иштей албай калат. Ошондой эле аларга чет өлкөдө банктык эсеп ачууга, мүлк алууга тыюу салынат.