Марал Радиосу

Юрист: Жарандар насыя алып жатканда келишимди кунт коюп окуй бербейт

Ишкерлер коммерциялык банктардын мыйзамсыз жол менен насыя төлөмдөрүн талап кылып жатканына нааразы. Буга байланыштуу 22-июнда жарандык активисттердин, ишкерлердин жана көз карандысыз юристтердин катышуусунда маалымат жыйын болуп өттү. Учурда ар кайсы аймактан келген ишкерлер коммерциялык банктардын мораторий берүүсүн Улуттук банктын жетекчилигинен өтүнүшүүдө. 

Өлкөдөгү коммерциялык банктардан насыя алган бир топ ишкер маселелерин чечип берүү өтүнүчү менен Улуттук банкка бир нече жолу кайрылышкан. Алардын бири Светлана Жумадылованын айтымында, ишкерлер коммерциялык банктардын мораторий берүүсүн суранышууда.

«19-апрелден бери Ак үйдүн алдына митингге чыгып жатабыз. Бизде «бирөө кетсин, алмашсын» деген каршылыгыбыз жок. «Биз үчүн мамлекет төлөсүн» деген да ойдон алыспыз. Ушул күрөөдөгү үйлөр алынбасын, мораторий берилсин. Мамлекеттин деңгээлиндеги жумушчу топ берилсин. Ведомстволор аралык жумушчу топ берилгенде, банк четке кагып койду. Тескерисинче, үйлөрдү алууну күчөтүп жатышат. Бул маселени мамлекет башында тургандар чечип берүүсүн суранабыз. Бизден сырткары дагы бир канча ушундай кырдаалга туш болгон ишкерлер бар».

Бишкек шаарынын тургуну Фатима Мамбетова үйүн күрөөгө коюп, 75 миң доллар насыя алган. Ал насыядан сырткары 871 миң 846 сом ашыкча каражат төлөсө да, банк күрөөдөгү үйүн, андан тышкары карыз иретинде 10 миң доллар талап кылып жатканын айтты.

«Биз 2014-жылы 6-августта Бишкек шаарында жайгашкан бир банктан ипотекалык насыя алганбыз. Бүгүнкү күнгө чейин 55 миң 43 доллар төлөп бүтсөк да, алган 75 миң доллар азаймак турсун, кайра өсүп жатат. Ортодо биз төккөн 55 миң 43 доллар жок. Бул маселени Улуттук банк карап берсин. Буга чейин биз бир канча жолу аларга кайрылганбыз. Бир да маселе чечилген жок. Насыя алган банкка барсак, Улуттук банкка жөнөтөт, ал жактан кабыл албай, кайра банкка жөнөтөт». 

Ал эми Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Мирлан Майтпасов ишкерлердин айыптаганын четке какты. Бөлүм башчы насыянын мөөнөтүн узартууда кандайдыр бир жеңилдиктерди кароо жана мораторий киргизүү үчүн Улуттук банк көрсөтмө бере албай турганын айтат.

«Коммерциялык банктар өз ишмердигин өз алдынча алып барат. Бирок, ишмердик жүргүзүүдө алар сөзсүз түрдө Кыргызстандын мыйзамындагы талаптарга жооп бериши керек.  Ишкерлердин кайрылуусу орчундуу маселе болуп жатат. Биз да алардын көйгөйлөрүн түшүнүп жатабыз. Ар бир кайрылган жарандын арызын кылдаттык менен карап жатабыз. Насыя алуучулардын ортосундагы социалдык чыңалууну жөнгө салуу максатында бир катар иштер жүрүп жатат. Анын негизинде, насыя берген мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруп, көйгөйлөрдүн келип чыгуу себептерин тездик менен аныктоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Жеке тартипте кайрылган ар бир арыз боюнча жана ал маселени чечүүгө дайым маани берип келебиз. Ушуга чейин 2630 жаран арыз менен кайрылган. Ар бирин карап чыгып, коммерциялык банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Банктар менен кардарлардын ортосундагы мамиленин жөнгө салынышына жана бир чечимге келишине аракет кылабыз. Ал эми мораторий берүү маселеси Улуттук банктын компетенциясына кирбейт. Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуу маселеси Жарандык кодексте, Күрөө боюнча мыйзамда жана Соттук мыйзамдарда так көрсөтүлгөн.

Көз карандысыз юрист Анвар Курумшиев коммерциялык банктар насыя берүүдө жарандардын юридикалык жана каржылык жактан сабатсыздыгын пайдаланып, алдамчылык жол менен насыя берип жатканын айтты.

«Насыя алып жаткан жарандар келишимди окуган эмес. «Качан кол койдуңар?» — деп сурасаңар, акыркы күндө шашылыш кол койдуруп алышат. Кандай баада, кайсы жол менен берилери, пайызы кантип төлөнөрү, төлөнбөй калган учурда канча пайыз кошулары жөнүндө толук маалымат албай туруп кол коюшат. Жаңы алган күнү эле биринчи айдын пайызын алып коёт. 100 миң сом насыя алса, анын 90 миңи колуна тиет. Насыянын дагы бир көйгөйү – камсыздандырылбайт. Насыя алам деген ар бир адам, келишимди түшүнбөсө, юристтерге кайрылып, консультация алса болот. Бул нерсеге кайдыгер карабоо керек. Бул көйгөйдүн келип чыгуу себептери да ушунда».

Exit mobile version