Марал Радиосу

Афганистан: Талибан кыймылы Тажикстан менен чектеш районду ээледи

Афганистандагы Талибан кыймылы Тажикстан менен чектеш районго өз көзөмөлүн орнотту. Соңку бир нече айда Ооганстандагы көптөгөн райондор «Талибандын» колуна өтүп кетти. Бул тууралуу «Пажвок» агенттигине таянып, «Азия-Плюс» маалымдады.

Афганистандын Кундуз провинциясындагы Имам Сахиб району Тажикстандын Хатлон облусундагы Панж району менен чектешкен. Кечээ, 21-июнда «Талибан» кыймылы бул районду өз көзөмөлүнө алып, учурда Кундуз шаарын алууга чабуулун баштаган.

Маалыматта: «Шаардын дарбазасы талибдердин колунда, бардык жагынан курчоого алынган. Калаадагы абал курчуй баштады», — деп айтылган.

Акыркы бир канча айда Афганистандагы көптөгөн райондор Талибан кыймылынын көзөмөлүнө өткөн. Соңку бир канча күн ичинде өкмөттүн аскерлери 15 райондон чыгып кетүүгө мажбур болгон.