Марал Радиосу

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча жаңы атайын өкүлү дайындалды

21-июнда Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин кезектеги отурумунда Терхи Хакала Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги жазды.

Терхи Хакала кызматына 1-июлда киришип, атайын өкүл милдетин 2023-жылдын 28-февралына чейин аркалайт.

Агенттик жазгандай, Терхи Хакала – финляндиялык тажрыйбалуу дипломат. Ал орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Жаңы кызматка дайындалганга чейин Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинде технология жана коопсуздук боюнча элчи кызматын аркалаган.

Эскерте кетсек Терхи Хакала учурда атайын өкүл кызматын ээлеп турган Петер Буриандын ордуна келет.

Exit mobile version