Марал Радиосу

Чыңгыз Макешов Жогорку Кеңешке депутат болуп келди

Чыңгыз Макешов Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Бул тууралуу ал өзү Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Ал КСДП фракциясына, буга чейин мандатын тапшырган Нодирбек Каримовдун ордуна келди.

«Урматтуу достор, бүгүн Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын алдым. Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн иштейбиз», — деп жазган ал.

Макешов 1976-жылы 6-декабрда туулган. Ал Кыргызстандын эл аралык университетинде жана Бишкек гуманитардык университетинде билим алган.