Марал Радиосу

Медициналык академия 36,3 млн сомго окуу корпусун курат

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы окуу корпусун курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Жаңы окуу корпус Медициналык академиянын клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билим баалоо борбору үчүн салынат. Курулушуна 36 млн 374,4 миң сом коротуу пландалууда.

Тендер 18-июнда жарыяланып, арыздар 9-июлга чейин кабыл алынат.