Бүгүн, 21-июнда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышына талапкерлер сынак тапшырууда. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Талапкерлер тавсир, хадис, усуль аль-фикх, акыйда китептеринен сынак берүүдө. Жалпысынан 61 талапкер катышып жаткан сынактын биринчи бөлүгү жазуу түрүндө өтүп жатат. Андан өткөн талапкерлер эртең, 22-июнда баарлашууга киришет.
Эскерте кетсек, Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө 61, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына 14, муфтийдин кызмат ордуна 9 талапкер катталган.