Марал Радиосу

УКМК Өмүрбек Бабанов машыгып жаткан видеосу боюнча түшүндүрмө берди (видео)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактардагы Өмүрбек Бабановдун машыгып жаткан видеосуна түшүндүрмө берди.

УКМКдан белгилешкендей, «Өмүрбек Бабанов УКМКнын тергөө абагында машыгып жатат» деген маалымат туура эмес.

«Эскерте кетсек, УКМКнын тергөө абагы режимдик объект болуп эсептелет. Анын ичинде сүрөт жана видео тартууга тыюу салынган. Аталган видеоматериал фейк болуп саналат», — деп билдиришти УКМКдан.

Эскерте кетсек, Бабанов «Кумтөр» иши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча шектүү катары кармалып, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынган.