Марал Радиосу

Кыргызстандык балбандар Түркиядагы мелдеште 5 медаль жеңди

Түркиянын Стамбул шаарында грек-рим күрөшү боюнча өткөн Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде кыргызстандык балбандар 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынан билдиришти.

Мелдеште Жоламан Шаршенбеков (60 кг) күмүш байге жеңген. Ал эми Атабек Азисбеков (87 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) коло медаль алышкан.

Мелдеш 18-20-июнь күндөрү болуп өткөн.