Марал Радиосу

Бир күндө коронавирус 585 кишиден табылып, 6 адам каза болду

Бүгүн, 21-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 585 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 353, Ош шаарында — 54, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 19, Талас облусунда — 9, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — 80, Баткен облусунда — 35 адамдан табылган.

Ошол эле учурда 360 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 6 адам каза болгон: Бишкекте – 4, Ош облусунда – 1, Ысык-Көлдө – 1 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 2 миң 403 адам, ал эми амбулатордук түрдө 4 миң 803 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 24 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 1 миң 566 адамдын абалы орто оор, 712 киши оор жана 101 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 115 миң 615 учур катталды. Анын ичинен 105 миң 410 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 937 бейтап каза болду.