Марал Радиосу

Армения: Парламенттик шайлоодо Пашиняндын партиясы алдыга чыкты

Кечээ, 20-июнда Арменияда өткөн кезексиз парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруу Никол Пашиняндын «Жарандык келишим» партиясы алдыда келе жатат.

Учурда Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы 2 миң 8 шайлоо тилкесинин ичинен 1 миң 378инин же 758 миң 425 шайлоочунун добушун санап чыккан.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык Пашиняндын  партиясы 56,53%, мурдагы президент Роберт Кочаряндын  «Аястан» («Армения») блогу 19,56%, «Честь имею» блогу  (Артур Ванецян) 5,34% жана Гагик Царукяндын «Гүлдөгөн Армения» партиясы 4,4% добуш алууда. Калгандардын добушу 2%дан ашпайт.

Арменияда 20-июнда кезексиз шайлоо болуп өттү. Ага 21 партия жана 4 блок катышты. Арменияда 2 млн 578 миң шайлоочу болсо, добуш берүүгө 1 млн 281 миң 174 киши же шайлоочулардын 49,4%ы  катышкан.