Марал Радиосу

Бишкекте 24-27-июнда Польша тасмаларынын фестивалы өтөт

Бишкекте 24-27-июнда Польша тасмаларынын «Висла» фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.

Бул фестиваль Кыргызстанда төртүнчү ирет уюштурулат. Анда Польшанын режиссёрлору тарткан анимациялык, даректүү, толук жана кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт.

Фестивалдын ачылышы 24-июнда саат 15:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө болот. Кирүү акысыз.