Марал Радиосу

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында шахмат боюнча эл аралык турнир башталат

20-июндан 29-июнга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында шахмат боюнча эл аралык турнир өтөт.

Мелдеш Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги алгачкы гроссмейстери, атактуу шахматчы Леонид Юртаевдин жаркын элесине арналат. Анда оюндар швейцариялык системанын ФИДЕ эрежелери боюнча 7-9 тур менен төмөнкү категорияларда болот:

«А» — Эл аралык рейтингди эсептөө менен жеке турнир (1700 жана андан жогору);

«Б» — 7, 9, 11, 13 жашка чейинки балдар жана жаштар турнирлери (аралаш);

«С» — Эл аралык рейтингди эсептөө менен жеке турнир (1000-1699).