Марал Радиосу

Баткенде аскада калган жигит куткарылды

Баткен облусунда аскага камалып калган жигит куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кечээ, 18-июнда Кадамжай районунун Лангар айылынын 2003-жылы туулган тургуну тоодон коюн айдап түшүүгө барып, аскада камалып калган.

Куткаруу үчүн жерине ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 3 куткаруучу барып, жигитти тоодон алып түшүшкөн.

Жигиттин абалы жакшы экенин маалымдады ӨКМдин басма сөз кызматы.