Марал Радиосу

Ирандагы президенттик шайлоодо Ибрахим Раиси эң көп добуш алды

epa09281831 Iranian presidential candidate Ebrahim Raisi greets the media after casting his vote in the presidential elections in Tehran, Iran, 18 June 2021. Iranians head to polls to elect a new president after eight years with Hassan Rouhani as head of state. EPA-EFE/ABEDIN TAHERKENAREH

Кечээ, 18-июнда Иранда президенттик шайлоо болуп өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча учурдагы Иран Жогорку Сотунун төрагасы Ибрахим Раиси биринчи келатканы кабарланды.

Добуш берүүгө 28 млн 600 миң шайлоочу катышып, анын 17 млн 800 миңи Ибрахим Раисини колдогон. Ошондой эле Мухсин Ризаи 3 млн 300 миңге жакын, Абдулнасер Хаммати 2 млн 400 миңден ашуун, Амир Хусейн Казизаде Хашими 1 миллионго жетпеген добуш алган.

Белгилей кетсек, президенттик кызматка саясатчы Мухсин Ризаи, Жогорку Соттун төрагасы Ибрахим Раиси, парламенттин төрагасынын орун басары Амир Хусейн Казизаде Хашими жана Борбордук банктын мурдагы төрагасы Абдулнасер Хаммати талапкер болгон.