Марал Радиосу

Орусияда учак кулап, 7 парашютчу, 2 экипаж мүчөсү каза тапты

Ðîññèÿ. Êåìåðîâñêàÿ îáëàñòü. Íà ìåñòå ïàäåíèÿ ëåãêîìîòîðíîãî ñàìîëåòà L-410 â ðàéîíå êóçáàññêîãî àýðîäðîìà Òàíàé. Ñàìîëåò, ïðèíàäëåæàùèé êåìåðîâñêîìó îòäåëåíèþ ÄÎÑÀÀÔ, âûïîëíÿë òðåíèðîâî÷íûé ïîëåò ñî ñïîðòñìåíàìè-ïàðàøþòèñòàìè íà áîðòó. Äàíèë Àéêèí/ÒÀÑÑ

Орусияда учак кулап, 9 адам каза тапты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

L-410 жеңил учагы Кемерово облусундагы Кузбасс шаарынын Танай аэродромунан парашютчулардын машыгуусун өткөрүү үчүн учуп чыкан. Анда 17 спортчу-парашютчу жана 2 экипаж мүчөсү болгон.

Учак көтөрүлгөндө экипаж командири кыймылдаткычтардын бири иштен чыкканын кабарлап, кайра конууга буйрук берилген. Конуу учурунда сол канаты менен жерге түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 7 парашютчу, 2 экипаж мүчөсү каза тапканын, андан тышкары 15 адам жарадар болуп ооруканага жеткирилгенин, алардын төртөөнүн абалы оор, 11инин абалы жеңил экенин Кузбасс шаардык медициналык борбору маалымдаган.

Буга чейин Сибирдеги авиациялык издөө-куткаруу борбору 4 адам каза болуп, дагы сегиз адам жаракат алганын маалымдаган эле.

Учурда Танай аэродромундагы учуулар убактылуу токтотулуп, кырсык болгон аймак курчоого алынды. Транспорт боюнча тергөө комитетинин Батыш Сибир башкармалыгы тергөө-иликтөө иштерин баштады.