Марал Радиосу

Кыргызстандын Air Manas компаниясы Грузияга чартердик каттамда учуп баштады

Кыргызстандын Air Manas авиакомпаниясы Бишкек-Батуми-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамда учат. Бул тууралуу Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүгүү министри Натия Турнава билдирди.

Air Manas бүгүн, 18-июндан тарта аталган багыт боюнча учуусун баштады.

Кыргызстандык авиакомпания 1-ноябрга чейин жумасына бир жолу — жекшемби күнү — каттап турат.