Марал Радиосу

«Уолт Дисней» компаниясы Чип жана Дейлдин жаңы вариантын чыгарат

«Уолт Дисней» компаниясы «Чип жана Дейл» мультфильминин жаңы вариантын чыгарат. Бул тууралуу компания өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Жаңы сериалдын трейлери жарыяланары менен көрүүчүлөр башкы каармандардын сырткы келбети мурдагы тааныш образдарга таптакыр окшошпой калганын жана башка ушул сыяктуу бир топ кемчиликтерин сындап чыгышты.

Компания мунун себебин «каржылык тартыштыктан улам» деп түшүндүрдү. Мультфильмдин жаңы сериясында каармандар  сүйлөбөйт.

Анимациялык тасманын бет ачары 28-июлда компаниянын расмий баракчасы аркылуу көрсөтүлөт.