Марал Радиосу

2010-жылдан 2018-жылга чейин токой аянттары 6,01%га көбөйдү

Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин карамагында 2 млн 539 гектар жер бар. Бул тууралуу аталган агенттиктин директорунун орун басары Надырбек Козубаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин биринчи жолу 2010-жылы улуттук каттоо жүргөн. Анда өлкөдөгү токой чарбаларынын аянты 5,61%га көбөйгөнү белгилүү болгон.

Ал эми 2018-жылдагы каттоо 8 жылдын ичинде токой аянттары 6,01%га өскөнүн көрсөткөн.