Марал Радиосу

Арменияда 20-июнда кезексиз парламенттик шайлоо өтөт

Келе жаткан жекшемби күнү, 20-июнда Арменияда кезексиз парламенттик шайлоо өтөт.

Шайлоого 22 партия жана 4 блок катышууда. Акыркы сурамжылоолор жана эксперттердин пикири боюнча, шайлоодо алдыңкы орундарды өкмөт башчынынын милдетин аткарып жаткан Никол Пашиняндын «Жарандык келишим» партиясы менен Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочаряндын «Армения» блогу ээлеши мүмкүн.

Шайлоо 20-июнда саат 08:00дө башталып, кечки 20:00гө чейин созулат. 21-июнда шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгарылат.

Арменияда 2 млн 578 миңден ашык жаран шайлоо укугуна ээ.

Белгилей кетсек, Арменияда парламенттик шайлоо 2018-жылы өткөн. Ал да 20-июндагы шайлоодой мөөнөтүнөн мурда болгон.