Марал Радиосу

Кыргызстанда Курман айт 20 же 21-июлда белгиленет

Кыргызстанда Курман айт 20 же 21-июлда белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Курман айттын так күнү майрамга бир жума калганда, Айдын чыгышына карап айтылат.

Эскерте кетсек, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыр Курман айт 31-июлда майрамдалган.