Марал Радиосу

Казакстанда 800гө жакын адам коронавирусту кайра жуктуруп алган

Казакстанда 800гө жакын адам коронавирусту кайра жуктуруп алган. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо сактоо министри Алексей Цой билдиргенин forbes.kz журналы жазды.

Ал COVID-19 менен ооруган адам кайра ооруп калбайт деп ойлоо туура эмес экенин белгиледи.

«Казакстанда 800гө жакын адам коронавирус менен кайра ооруп калды. Алар эмдөөдөн өтпөгөндүктөн ооруп калган. Бул көрүнүш бир эле Казакстанда болгон жок, башка мамлекеттерде да болууда. Европа жана башка мамлекеттерде адамдар кайра ооруп калып жатат», — деди ал.

Ал учурда Казакстандын дээрлик бардык аймактарында эмдөө пункттары ачылганын айтып, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды.