Марал Радиосу

Орусиянын православ уюмдарынан Баткенге жардам келди

Бүгүн, 17-июнда Орусиянын православ уюмдарынан Баткен облусу үчүн 3 тонна гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Гуманитардык жардамдын ичинде антисептикалык каражат, беткап, медициналык костюм жана башка жеке коргонуучу каражаттар бар.

Жардам Орусиянын православ чиркөөсү аркылуу жеткирилген.