Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин комитетинде кызматынан кетүүгө даяр экендигин билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө кыйынчылык болгондуктан бардык маселени чечүүгө аракеттер көрүлүүдө.
«Эгерде маселе менде болсо, азыр кетүүгө даярмын. Мен деле бир жыргап, ырахаттанып иштеп жаткан жерим жок. Кыйынчылык болгондуктан уктабай иштеп жатабыз. Биздин максат: маселени чечүү. Президентибиз «Кумтөр» кенинен баштап бардык маселени коюп жатат. Биз аракет кылып жатабыз. Бирөөдөн пара алып жумушка койсом, жумуштан азыр кеткенге даярмын. Менин максатым: эртең биз иштеп кеткенден кийин артымда бир иш калса экен деп жатам. Ошол эле учурда жоопкерчиликти алганга даярмын. Капиталдык салымдар жетпей жатат, чече албай жатам, суу жетпей жатат. Кайсы жагына жеткирейин? Эми ушул маселени чечебиз да, Кудай буйруса» , — деди Марпов.
Учурда Улукбек Марипов парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.