Марал Радиосу

Алдамчылыкка шектелген ишкер Генрих Балян мамлекетке 60 млн сом төктү

«Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян мамлекеттин эсебине 60 млн сом төктү. Бул тууралуу «Маралга» УКМКдан тастыкташты.

Генрих Балян алдамчылык фактысы боюнча 15-июнда кармалган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, ишкер мамлекеттик банктардын биринин кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп, кардарлардын кызыгуусун жаратпаган (өтпөй турган) кыймылсыз мүлктү 670 миң долларга баалатып, жасалма документ менен жок адамдын атынан 2,3 млн доллар насыя алган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы фактыны тастыктаган документтер алынды.

Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча ачылган иштин алкагында Генрих Балян УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.