Марал Радиосу

Былтыртан бери дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы кыз изделүүдө

Бишкек шаарында 21 жаштагы Калия Калеева изделип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты.

2020- жылдын 14-октябрында Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээси былтыр 19-сентябрь күнү 20 жаштагы кызы Ала-Тоо конушунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келе электигин айткан.

Милиция бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган.

Калия Калееванын өзгөчө белгилери — бою 170-175 см, чачы кара, көздөрү күрөң. Милиция жоголгон кыздын дайынын билгендерди төмөнкү номерлерге байланышууну өтүнөт:

0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0(312) 352-632, 0(553) 102-465, 0(703) 401-600,0 (705) 450-553, 0(553) 102-880 7).

Exit mobile version