Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөө бүгүн, 17-июнда саат 6:30 чамасында болгон. Күчү очогунда жана Алай районунун Иркештам, Көк-Суу айылдарында 3,5 баллга, Нура айылында 3 баллга жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.