Марал Радиосу

Чүйдө жыл аягына чейин 13 мектеп ишке берилет

Чүй облусунда жыл аягына чейин 16 социалдык объекттин курулушун жана оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Агенттик билдиргендей, учурда облуста Чүй капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 28 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Быйылкы жылга карата 7 мектепке жаңы имарат, 13 мектепке кошумча окуу корпус, 1 ичүүчү суу тутумун, 1 бала бакча, 2 спорт комплекс жана 1 маданият объектисин куруу үчүн 344 млн 751 миң 300 сом каралган.

Ошондой эле 1 бала бакчаны, 1 саламаттыкты сактоо мекемесин жана 1 мамлекеттик маанидеги имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 13 млн 576 миң 400 сом бөлүү пландалган.

Алардын ичинен жыл аягына чейин 13 билим берүү объектисинин курулушу бүткөрүлүп, 1 бала бакча, 1 саламаттык сактоо мекемеси жана 1 мамлекеттик маанидеги имарат оңдоп-түзөөдөн өтөт.