Марал Радиосу

Бишкекте вице-мэрлер алмашты

Бишкек мэриясында жаңы кадрдык дайындоолор болду. Тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Башка ишке кетип жатканына байланыштуу Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэр кызматынан бошотулду. Анын ордуна турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев ыйгарым милдеттери өзгөрбөгөн абалда дайындалды.

Мэрдин милдетин аткаруучунун дагы бир буйругу менен Максатбек Сазыкулов экономика жана каржы иштери боюнча вице-мэр кызматына дайындалды. Буга чейин ал Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун департаменттеринин бирин жетектеп келген.

Эске салсак, экономика жана каржы иштерин көзөмөлдөө биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевдин ыйгарым милдети болчу.

Жамалбек Ырсалиев

Максатбек Сазыкулов