Марал Радиосу

23-июндан тарта Кувейтке жаңы аба каттам ачылат

23-июндан тарта Бишкектен Кувейтке жаңы аба каттам ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

«Кувейт – Бишкек – Кувейт» аба каттамы боюнча Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясынын учактары каттайт.

Каттамдар жумасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү жасалат.

Жолдун узактыгы 3 саат 35 мүнөттү түзөт.