Марал Радиосу

Бишкекте пауэрлифтинг боюнча Борбор Азиянын чемпионаты өтөт

Бишкекте пауэрлифтинг боюнча Борбор Азиянын «Алтын Барс» ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мелдеш 17-20-июнда Арча-Бешик конушундагы дене тарбия комплексинде өтүп, ага 400 спортчу катышат.

Жеңүүчүлөр медаль, грамота жана башка сыйлыктар менен сыйланат.

Аталган мелдеш Бишкекте үчүнчү ирет өткөрүлүү алдында турат.