Марал Радиосу

Саясат талдоочу: Эрдоган Байденден Гүленди сураган болушу мүмкүн

Түркия президенти Эрдоган 14-июнда АКШ президенти Жо Байден менен жолукканда Фетхуллах Гүленди кайтарып берүүнү сураган болушу мүмкүн. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экөө «тикесинен туруп» сүйлөштү. Мындай сүйлөшүүлөр адатта көп убакытка созулбайт жана анда эмне тууралуу кеп болгону ачыкка чыгарылбайт.

«АКШ менен Түркиянын ортосунда террористтерди бири-бирине өткөрүп берүү келишими бар. Ошонун негизинде Эрдоган Байденден Фетхуллах Гүленди сурашы мүмкүн. Аны 2016-жылкы төңкөрүшкө айыптап жатат да. «Калгандарынын баарын кармадык, баары Гүленге каршы көрсөтмө берип жатышат. Тополоңдун башында Гүлен турат экен, аны бизге бергиле» деши мүмкүн. Эрдоган бийликке келгени Түркия автократиялык республика болуп калган. Ал жакта адам укугу, демократиялык баалуулуктар сакталбай калды. АКШ Түркияга гарант катары эмес, адам укугун коргоо боюнча донор болуп келет», — дейт саясат талдоочу.