Марал Радиосу

Эрдоган Азербайжанга расмий сапар менен барды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Азербайжанга расмий сапар менен барды. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги жазды.

Ал Азербайжанга Брюсселдеги НАТО саммитинен кийин учуп барган.

Расмий сапардын алкагында ал Карабах аймагындагы былтыр баскынчылардан бошотулган Шуша шаарына барат. Ошондой эле Азербайжандын парламентинде сөз сүйлөйт.

Мындан мурдараак Эрдоган Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Шушада мамлекеттер аралык макулдашууга кол коёрун билдирген.